mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаалар текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын экинчи мобилдик тобу оор жүк ташуучу унааларды текшерүү иштерин улантууда.

Ага ылайык, кечээ, 15-май күнү Бишкек-Ош унаа жолунда (65-чакырымы) жана Кара-Балта шаарында жалпы 19 транспорт каражаты токтотулуп, текшерилди. Натыйжада ашыкча жүк жүктөгөн 4 унаа аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулду.

Алардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул жазылып, жалпысынан салынган айыптын суммасы 70 000 сомду түздү.

Баса белгилеп кетчү жагдай, таразанын негизги максаты элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө болуп саналат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы