mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда ала булут каптап турат, 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр алынган , жол унаалар үчүн ачык.

Кыргызгидрометтин 2022-жылдын 21-ноябрында берген маалыматына ылайык, түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашыүтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда ала булут каптап турат, 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр алынган , жол унаалар үчүн ачык.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу  “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 ЖТИ кызматкерлери ашууларды кардан тазалоо жана трассага инерттүү материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө.

Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, жасалма тыгындарды жаратпоо  үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоого жана  жолдон өтүүдө кыйынчылыктарга туш болбоо үчүн кар чынжырларын тагынууну сунуштайбыз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы