mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясынын №23 Жол тейлөө мекемеси 209дан 314-чакырымга чейин 1112 м2 аянтта 168 тонна асфальт-бетон менен жамап бүттү

Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясынын №23 Жол тейлөө мекемеси 209дан 314-чакырымга чейин 1112 м2 аянтта 168 тонна асфальт-бетон менен жамап бүттү. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунда КРТжКМнин №9 Жол тейлөө мекемеси 152ден 198-чакырымга чейин Суусамыр өрөөнүндө жамоо иштерин аяктап жатат. Жол кырсыгын алдын алуу максатында 425 м2 аянттагы 695,4 тонна асфальт-бетон аралашмасын колдонуп, кокустук чуңкурлар алынды. Ушул жылдын май айына чейин Суусамыр өрөөнүндөгү кооптуу чуңкурларды жок кылуу боюнча алдын-ала иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле Таш-Көмүр-Кызыл-Жар унаа жолундагы No38 Жол тейлөө агентигинин жумушчулары  да тез арада жамоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун-Маданият унаа жолундагы КРТжКМнин №45 Daewoo ишканасынын кызматкерлери 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу, инерттик материалдарды жеткирүү жана даярдык иштерин жүргүзүүдө. Жолдун жалпы узундугу 2,1 км жана эки асфальт таптагыч, бир экскаватор, бир жүктөгүч, бир автогрейдер, бир манипулятор, 6 самосвал жана 12 жумушчу тартылган.

Негизинен белгилүү болгондой эле жол кырсыктарынын көптүгү жолдордун абалынан эмес, Бишкек-Ош унаа жолундагы ылдамдыктын сакталбагандыгынан болуп жатат.

 

КРТжКМ басма сөз кызматы