mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкесинде 43 чакырымга жакын ылдыйкы катмары

Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкесинде 43 чакырымга жакын ылдыйкы катмары жана 13 чакырымга жакын үстүңкү катмары асфальт-бетон менен төшөлгөн. Учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда асфальт-бетон куруу иштери уланууда.

Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгынын 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун алкагында, Бишкек-Ош автожолу, 4-фазасы, Маданият-Жалал-Абад тилкесинде 184 түтүктөн турган 127 түтүк боюнча иштер бүткөрүлүп, 9 көпүрөдөн 2 көпүрө калыбына келтирилип жана 5 көпүрөдө иштер жүрүүдө.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 11-июнунда Кыргыз Респкбликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ЖЧК «АзВирт» компаниясы менен курулуш иштерин жүргүзүүгө келишим түзүп, анда деталдык долбоорлоо, жер иштетүү, жол куруу, жаңы көпүрөлөрдү куруу жана эски көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу түтүктөрүн жана кутуча суу түтүктөрүн курууга курулуш иштери камтылган. Ал жерге 150 адам жана 80 комплект ири өлчөмдөгү техника мобилизацияланган. Мындан тышкары, Подрядчы кубаттуулугу саатына 210 тонна асфальт-бетон заводун мобилизациялады.

Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгынын 3 коридорун жакшыртуу долбоору, Бишкек-Ош автожолу, 4-фазаы, Маданият-Жалал-Абад участогу Маданият менен Жалал-Абаддын ортосундагы 67 чакырымга жакын жолду калыбына келтирүү жана реабилитациялоо аркылуу республикалык жана аймактык байланышты жакшыртат. Долбоордун жыйынтыгында Бишкек-Ош унаа жолунун Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон конуштары аркылуу өткөн 67 чакырымында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууга натыйжалуу болот. Долбоорду ишке ашыруу республикалык жана аймактык сооданы жеңилдетет, ошондой эле айылдык калктуу конуштардын базарларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн тездетет.

Бул бөлүк 2 жана 4 тилкелүү II-техникалык категориядагы стандарттарга ылайык иштелип чыккан. 67 км жолдун огуна долбоордук жүк 11,5 тоннаны түзөт.

Долбоордук аянттын бүткүл узундугуна калыңдыгы 15 см болгон эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмө төшөлүп, астыңкы катмары 9 см, үстүнкү катмары 6 см болот.
Долбоор ошондой эле 9 көпүрөнү реконструкциялоону жана калктуу пункттарда жарыктандырууну карайт.

КР ТжКМ басма сөз кызматы