mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун 220-222-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда унаа тыгыны пайда болуп жол тазалоо иштери жүргүзүлдү

2021-жылдын 18-мартында саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 220-222-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда унаа тыгыны пайда болгон. Кар аралаш бороондун натыйжасында кар жолго үйүлүп жол жүрүуго тоскоолдук жараткан. Жолчулардын аракетинен улам, түнкү саат бирлерде (01:00) жол толугу менен тазаланган. Мындан тышкары, унаалардын каршы тилкеге чыгуусу катталган жана бул жасалма тыгындарды жараткан. Бирок буга карабастан, Ала-Бел ашуу бөлүгүнөн кар тазаланып, тайгалакка каршы инерттик материал материалдар жолго себилди. Аталган участокто тѳмѳндѳгү техникалар иш алып барган 1-автогрейдер, 1-унимог, 1-автопогрузчик, 1-маз/самосвал, 1-ХОВО. 15-жолчу. Жогоруда аталгандай аба ырайы кескин ѳзгѳргѳн учурда авто унаалардын аралыгын 500 метрден сактап. Карама- каршы тилкеге чыкпай, тартипти сактап, ар бир айдоочу жанында чынжыр алып, кышкы донголокторду алмаштырууга чакырабыз.