mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунда Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайы калыбына келгенге чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9 ЖТМ (ДЭУ) 2021-жылдын 17-ноябрында саат 14:15 мүнөттөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунда аба ырайы калыбына келгенге чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 17-ноябрында Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын күтүлүүдө.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 61-чакырымынан 197-чакырымына чейин кар түрмөгү жүрүп, Төө-Ашуу ашуусуна чейин жана андан ары, Суусамыр өрөөнүндө саат 13:00 дөн баштап ЖТМнин кызматкерлери тарабынан инерттүү тайгалоого каршы материалдар менен тазалоо иштери жүрүп жатат. Төө-Ашуу ашуусунда, анын түндүк тарабынан кар күрткүсү байкалат. Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында да кар жаап, инерттик материалдарды кошуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Учурда жогоруда аталган ашуу тилкелериндеги жолду тазалоо жана кеңейтүү үчүн бардык керектүү техника тартылып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жүк ташуучу тилкелеринде транспорттордун коопсуз өтүүсү үчүн, инерттүү материалдар кошулууда. Бишкек-Ош жана Өтмөк автомобиль жолдорунун Талас-Тараз-Суусамыр жолдорунун. Төө-Ашуу жана Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.

Айдоочуларды тайгалоого каршы чынжырларын алып жүрүүгө, каршы тилкеге ​​чыкпоого (пробка болгон учурда) жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачыратуу үчүн арналган атайын техникалар үчүн жолуна жолтоо болбоого чакырабыз. Эч кандай шартта жайкы дөңгөлөктөр менен ашууларга барбаңыз, анткени ашууларда кар жаап, муз пайда болот.

Бул сактык чаралардын баары айдоочуларга кар бороон учурунда жасалма тыгындарды жаратпоого жана ашууларда көп сааттарды кетирбөөгө жардам берет.

Ашууларга чыгууда кар көчкүнүн астында калбоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону суранабыз, ошондой эле нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу таш түшкөн аймактарда этият болуңуз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы