mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунда “муздак асфальт” технологиясы менен аң-чөнөктөр жамалууда

Бишкек-Ош унаа жолунда “муздак асфальт” технологиясы менен аң-чөнөктөр жамалууда. Иштер №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Жолчулар “муздак асфальт” — ар кандай аба ырайында жолдо жаралган чуңкурларды тез, сапаттуу оңдоо үчүн колдонулуп келерин белгилешет. Ал эми Суусамыр өрөөнүндө аба ырайы +4 +5 градустун тегерегинде кармалып турат. Бул аралашманы жылытуунун кажети жок жана бардык мезгилде колдонууга болот.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы