mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолунун  246 чакырымында узундугу 460 метр болгон кѳчкү тосчу туннелдин  куруулушу  пландаштырылып жатат

 

Бишкек-Ош автожолунун  246 чакырымында узундугу 460 метр болгон кѳчкү тосчу туннелдин  куруулушу  пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын Транспрот жана жол министри Ж. Калилов авто жолдун 246- чакырымында  жыл сайын кѳчкү түшүп турат деп  билдирген. Ошого байланыштуу министрлик тарабынан Япон ѳлкѳсүнѳ кайрылган. Ал эми Япон  ѳлкѳсү тараптан эксперттер жѳнѳтүлүп, жыйынтыгында тоннель куруу керектигин айтышкан.

Азыркы учурда тоннель курууга Япония (JICA) тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгы 2018-жылдын июнь- июль айларында жеңүүчүсү аныкталат. Ал эми курулуш ушул айдын август- сентябрь айларында башталары пландаштырылууда.

 

 Пресс-кызмат