mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолундагы Тѳѳ-Ашуу ашуусундагы акы тѳлѳнүүчү алдьтернативдик тоннелин куруу демилгеси тууралуу маалымат жыйын ѳттү

2020-жылдын 5- августунда  Кыргыз Республикасынны Транспорт жана жол министрлигинде Бишкек-Ош автожолундагы Тѳѳ-Ашуу ашуусундагы акы тѳлѳнүүчү алдьтернативдик тоннелин куруу демилгесин кѳтѳрүү боюнча маалымат жыйын ѳттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жанам Бейшенов, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек жана Экономика министрлигинин ѳкүлү катышты. Маалымат жыйын учурунда тоннель курууга инвестицияларды тартуу тууралуу сѳз болду.

 

К.Колбаева атындагы тоннель — Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2,6 км, бийиктиги 5,8 м,  жол жабуусу 6.6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.

 

Бул туннелдин техникалык параметрлери жүк ташуучу унаалардын бир тараптуу режимде гана өтүшүнө мүмкүндүк берет. Жай мезгилинде Бишкек-Ош унаа жолундагы унаалардын кыймылынын максималдуу интенсивдүүлүгү күнүнө 6000 автомашинага жетет жана жүк ташуу ылдамдыгынын жылдык өсүү темпи 3-5% ды түзөт, алдын-ала эсептөөлөр боюнча туннелдин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн камдыгы 7-8 жылды түзѳт .

 

Туннелдин татаал географиялык жайгашуусу, автоунаалардын системалуу тыгыны, эки тараптуу кыймылдын камсыз болушунун татаалдыгы, жол кырсыктарынын келип чыгышы туннелдин моралдык эскиришинин себептери болуп, акыркы он жылдыкта бул багытта коопсуз жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө тоскоол болгон гана эмес, эксплуатациялык транспорттук чыгымдарды көбөйүшүн шарттаган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурдагыга караганда 1000 метр төмөн жаңы заманбап жана коопсуз туннел курууга ниеттенүүдө жана ал эски тоннельге альтернатива болот.

Бул долбоорду ишке ашыруунун масштабын, тажрыйбанын жана туннелди куруу үчүн өздүк финансылык ресурстардын жоктугун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпыга таанылган эл аралык ишкердик кадыр-баркка ээ жана ушул сыяктуу долбоорлорду жүзөгө ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар инвесторлорду тартууну чечти, бул өлкөнүн инвестициялык имиджин жакшыртып гана койбостон, мамлекеттин ичиндеги экономикалык ишкердүүлүктү активдештирет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитилген шарттарга жана критерийлерге ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда Тоо-Ашуу ашуусунда альтернативдик акы төлөнүүчү туннелин куруу боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн билдирмелерди чогултуу жөнүндө билдирет.

Кызыкдарлар төмөнкү дарек боюнча байланышса болот: +996 312 623853, же электрондук почта дареги боюнча: mail@invest.gov.kg, шарттары жана критерийлери түздөн-түз өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.

Пресс кызмат