mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №958 ДЭП “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери көпүрөдөгү кемчиликтерди жойду.

КР Транспорт жана коммуникациялар  министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №958 ДЭП кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 9-чакырымындагы мүчүлүштүктөрдү, тактап айтканда, БЧК  көпүрөсүндөгү жаракаларды оңдоо иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары ушул эле көпүрөдө 31м2 аянтка жамоо иштери жүргүзүлдү. Луговое Ат-Башинский каналынын жол жээгинде жогоруда аталган ДЭУнун кызматкерлери тарабынан жол жээктерин профилдөө иштери да аткарылды.

 

КР ТжКМнин  басма сөз кызматы