mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымында түшкөн кар көчкү тазаланып унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымында унаа кыймылы ачык. Кечээ, 16-февралда саат 17:30да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 303-чакырымында кар көчкү түшкөн. Жолчулардын аракети менен жолдун бул бөлүгү унаалардын өтүүсү үчүн бир тарапка ачылды.  Дагы  16-февралга караган түнү ушул эле жолдун 302-чакырымында дагы бир кар көчкү түшүп, ага ылайык КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникаларды мобилизациялап, трассаны тазалоо жана инертүү матриалдар менен толтуруу иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, Арал-Казарман тилкесинде 198-199-чакырымдарда болжол менен 300м3, кар көчкү түшүп  бул жерде да жол кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымында унаа кыймылы ачык. Жолду тазалоо иштерин  КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  №41 ЖТИнын кызматкерлери жүргүзүштү.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы