mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылдын 2-августундагы Замир Казакбаев аттуу жарандын Facebook.com социалдык тармагында өз баракчасында “Бишкек – Нарын –Торугарт” унаа жолунун курулушу жөнүндө чыгарылган видео тасмасын көрүп чыгып, КР ТжЖМ төмөндөгүнү маалымдайт

2020-жылдын 2-августундагы Замир Казакбаев аттуу жарандын Facebook.com социалдык тармагында өз баракчасында “Бишкек – Нарын –Торугарт” унаа жолунун курулушу жөнүндө чыгарылган видео тасмасын көрүп чыгып, КР ТжЖМ төмөндөгүнү маалымдайт:

Оңдолгон жолдун 103 км-ден 147 кмге жана 214 км-272 кмге чейинки бөлүктөрү 2014-жылы бүткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2014-жылдын 16-декабрындагы № 317 буйругу менен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын балансына кабыл алынган, б.а. мындан 5 жыл мурун. Бардык жумуштар «Кыргызжолтранс долбоорлоо» ДИ тарабынан иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтерге ылайык жүргүзүлгөн. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, кен-геологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тоо тектер институтунун адистери чалгындоо иштерине тартылган. Изилдөө жана долбоорлоо учурунда тоо жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуунун ар кандай ыкмалары каралып, анын ичинде темир тордон таш капкандарын  орнотуусу да каралган. Бирок, эксперттердин сунуштарын эске алуу менен, кымбат баага жана комплекстүү тейлөөгө байланыштуу бул ыкма колдонуудан баш тартылды. Эң оптималдуу тандоо болуп шагал жана таш көчкүлөрүн кармай ала турган массивдүү дубалдарды куруу чечими болду.

Аткарылган курулуш иштери, учурдагы ченемдик талаптарга ылайык, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан, КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин, КР Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусу менен кабыл алынган.

Репортажда жарыяланган жолдун курулушу бир жыл мурун бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгендиги жөнүндөгү мөнөт, чындыкка дал келбейт жана 5 жылдан кийин подрядчыга жана долбоорлоочу уюмга коюлган айыптар мыйзамга сыйбайт.

Жергиликтүү компаниялардын аткарган иштерине карап көрсөк, атап айтканда “Чу Прокси” компаниясы жүргүзгөн иштеринин наркына шилтеме кылуу да туура эмес, анткени участкалардын татаалдыгы да, иштин түрү да дал келбейт.

Жумушчу комиссиянын актысына ылайык, «Чу Прокси» компаниясы Балыкчы шаарынын көчөлөрүн капиталдык оңдоо учурунда 6,64 км жолду асфальтбетон төшөө, өлчөмдөрү 0,5х0,5 м. түзгөн 6 суу өткөрүүчү түтүктөрүн, 5 гильзаларын орнотуу,  бордюрларын орнотуу жана жол белгилерин орнотушкан. Казуу жана асфальт төшөө иштери минималдуу жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, жолдун 1 км ри үчүн өлчөмү 0,5х0,5 м. түзгөн  суу өткөрүүчү бир түтүк, 1 гильза, жол белгилерин тартиптөө менен жол оңдоо иштери аткарылган.

Боом капчыгайында, өтө татаал шарттарда тоо-кен жана гидро-геологиялык факторлордун катышуусу менен, жаңы жасалма курулуштарды, анын ичинде ылдый жана өйдө агымдарын калыбына келтирүүчү дубалдарды, көпүрөлөрдү жана түтүктөрдү алмаштыруу жана куруу менен толук реконструкциялоо жүргүзүлгөн.

103-147-км (Боом капчыгайы) аталган участокто негизги аткарылган жумуштар, Балыкчыдагы “Чу Прокси” аткарган долбоордо жүзөгө ашырылбаган жана каралбаган жумуштар:

  • инженердик курулмаларды демонтаждоо — 91 927 тонна;
  • кадимки топурактан ашыкча материалдарды төгүндүлөргө казуу — 799,218 м3
  • таштуу топурактардан ашыкча материалдарды төгүндүлөргө казуу — 242,279 м3;
  • жээктерди, казуу иштеринен жалпы материал — 222 195 м3;

Дренаж:

  • фундаменттер, лотоктор, түтүктөр үчүн бетон кую — 1286 м3;
  • заводдо чыгарылган темир-бетон түтүктөрүү менен камсыздоо жана төшөө (1,0 жана 1,5) — 906 п.м;
  • алдын-ала темир-бетон буюмдарын алдын казуу — 19,003 м3;
  • дубалдын астына, кадимки топуракты казуу — 50 793 м3;
  • цемент аралашмасында таш орнотуу (3: 1) — 43 522 м3;
  • бекемдөө үчүн бетон — 2 816 м3;
  • бетон дубалын — 19 754 м3;

Жол катмары:

  • карьерден табигый шагыл материалын камсыздоо, жайгаштыруу жана тыгыздоо (0,40 жана 0-70 см фракциялары) — 266 762 м3;
  • талкаланган шагыл ыкмасы менен камсыздоо, жайгаштыруу жана тыгыздоо (бөлүк 40-70см) — 116,547 м3;
  • монолиттүү бутобетон (B20) — 474 м3;

Долбоордун участогунун боюнда жүргүзүлгөн жумуштар: 6 көпүрөнүн курулушу жана кеңейтилиши, анын ичинде Чу дарыясынын жээгиндеги 115 км (Кемин) жана 130 км (Красный Мост) көпүрөлөрүн реконструкциялоо, 96 жана 104 метр аралыктарына тиешелүү.

Бүгүнкү күндө бул курулуштар өз функцияларын аткарууда, анын ичинде темир жолун бойлогон дубалдары, таштан коргоо үчүн иштелип чыккан.

Альпинисттердин катышуусу менен тоо капталдарын тынымсыз оодаруу бургулоо жана жардыруу иштери сыяктуу атайын жумуштар чоң көлөмдө жүргүзүлгөн. Ошондуктан аткарылган жумуштар түздүктөгү жумуштардан кыйла айырмаланат.

Иштин негизги түрлөрү үчүн гана берилген сандардан көрүнүп тургандай, эки долбоорду салыштыруу логикага сыйбайт жана кандайдыр бир талдоо же салыштыруу үчүн негиз бербейт.

Долбоордун наркын эсептөөдө, “Кыргызжолтранс долбоорлоо” ДИ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү ушул сыяктуу долбоорлордун наркына талдоосу жүргүзүлгөн. Боомдогу долбоордун баасы алыскы чет өлкөлөрдөгү жана Казакстандагы долбоорлордун наркынан кыйла төмөн болгон.

Медиа сайттардан, ачык булактардан алынган маалыматтарга карап мисалыга Армениядагы унаа жолдорунун курулушун алсак, окшош тоо-кен-геологиялык шарттары жана жумуш түрлөрү менен окшош келген унаа жолунун курулушу жөнүндө  1-чи жана 2-техникалык категориядагы, 4 жана 6 жол тилкелери бар куруунун баасы, нормалдуу рельефтүү участоктор үчүн 3,6 млн. АКШ долларын жана рельефтик татаал участоктор үчүн 12 млн. АКШ долларын түзгөн.

Ошентип, Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашыруунун баасы жалпы кабыл алынган параметрлердин чегинде жана ашыкча бааланбаган деп айтууга болот. Ал эми, айрым басылмалардын авторлору далилдөөгө аракет кылып жатышат.

Салыштыруу үчүн, геометриялык параметрлери окшош келген айрым өлкөлөрдөгү 1 км жолдун курулушунун баасы жөнүндө маалыматтарды келтиребиз:

 

Мамлекет Орточо наркы 1 км
Казахстан Республикасы 3 төн 6 млн. АКШ долл.
Россия Федерациясы 5 тен 8 млн. АКШ долл.
Украина 3 төн 4 млн. АКШ долл.
Финляндия, Германия 6 дан 12 млн. евро.

 

Боом капчыгайындагы суу ташкыны жөнүндө төмөнкүлөрдү айтса болот.

Быйыл Кыргызстанда суу ташкыны күчөдү, бул белгилүү факт. Боом капчыгайындагы сел болгон участок, сел коркунучтуу участок болуп саналат, бул дагы белгилүү факт. Унаа жолунун жана темир жолунун астыларында суу ташкынын өткөрүү үчүн 12 метрлик көпүрө бар. Андан тышкары, сууну өткөрүү үчүн кошумча түтүк орнотулган.

Бирок ошого карабастан, репортажда суу өткөргүчтөрдүн жоктугу жөнүндө айтылат, б.а. көрүүчүлөргө атайылап адаштыруучу жалган маалымат берүүдө.

Видеодо бир катар карама-каршылыктар жана атайылап туура эмес маалыматтар камтылган, бул макаланын ачык-айкын эмес экендигин тастыктайт.

Репортаж өз алдынча жарнамалоо максатында, ачык-айкын эмес, буйруктуу деп ойлойбуз.

Белгилүү болгондой, аталган аймакта сел жүрүү фактысы 2020-жылдын 23-июлунда болгон. Жол жүрүү бөлүгүн тазалоо жана тоскоолдуксуз кыймылды камсыз кылгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, окуя боюнча комиссия түзүүнү чечкен. Азыркы учурда, Ведомстволор аралык комиссия окуя болгон жердеги кырдаалды иликтөөдө. Дыкат иликтөөнүн жана бардык материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан чечим кабыл алынат жана анын негизинде баардык зарыл болгон чаралар көрүлөт.

Көпүрөнүн сүрөтү

 

 

 

 

 

Маалымат үчүн:

Бишкек – Нарын –Торугарт (9-272 км). унаажолунун калыбына келтирүү” долбоору;

Донору- Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы

Насыянын суммасы: 200 млн. АКШ долл.

БНТ автожолдорун калыбына келтирүү долбоору үчүн (9-272 км, узундугу 223 км) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КЭРдин ЭксимБанкынын ортосундагы 200 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя макулдашуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябрындагы № 555-р буйругу менен бекитилген, 2009-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан кол коюлган.

Жеңилдетилген макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 1-декабрындагы № 724 токтому менен, 2009-жылдын 10-декабрындагы № 1546-IV токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилген жана 2009-жылдын 18-декабрында № 312 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган.

Долбоорду иш жүзүнө ашыруу 2010-жылдын май айында башталган. Кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык долбоордогу иштердин бүтүшү 2014-жылдын ноябрь айында болгон.

Консультант, подрядчы

ЭксимБанктын насыялоо жол-жоболоруна ылайык, подрядчы Кытай тарап болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы Кытай элчиликтин алдындагы соода өкүлчүлүгү расмий түрдө Долбоордун подрядчысы катары жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу Кытай корпорациясы “Чайна Роуд энд Бридж Корп.” сунушталган. (мындан ары ЧРБК).

2009-жылдын 9-июлунда, ЭксимБанктын жол-жоболоруна ылайык, КР ТжЖМ жана ЧРБК ортосунда курулуш иштери боюнча келишимге кол коюлган. Подрядчы менен түзүлгөн бул келишим Насыя келишиминин ажырагыс бөлүгү экендигин белгилей кетүү керек.

Долбоордун автору болуп саналган жана долбоорлоочу көзөмөлдүн алкагында курулушка жалпы көзөмөл жүргүзө турган “Кыргызжолтранс долбоорлоо” ДИ. 2010-жылдын 1-июнунда КР ТжКМ менен «Кыргызжолтранс долбоорлоо»ДИ ортосундагы курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Техникалык мүнөздөмө

         1-фаза: (Чүй облусу) Долбоор 9 жана 103 км аралыкта иштеп жаткан айланма жолду жана Боом капчыгайына чейинки негизги жолду калыбына келтирүүнү камсыз кылат, анда 2 жана 4 тилкелүү жолдорду уюштуруу менен, айрым участоктордо топурактын жарым-жартылай кеңейиши каралган:

  • II-чи категория (2 жол тилкеси 3,75 м болгон) – 9 – 18ге км;
  • I-чи жана II-чи (4 жол тилкелүү 3,75 м жана 3,5 м болгон, бөлүүчү тилкеси жана бөлүүчү тилкеси жок — 18ден 103 кмге чейин).

Бүтүндөй узундугу боюнча жаңы асфальтобетон төшөлгөн (түздөө жана үстүнкү катмар, 5 + 6 = 11 см) учурдагы камтуу жана жасалма курулуштарды оңдоо. Учурдагы асфальтбетон төшөлгөн жолго даярдык көрүү алдын-ала жамоо жана жаракаларын толтурууну камтыйт. Биринчи фаза боюнча бардык курулуш иштери 2012-жылдын 30-декабрында аяктадган.

2-фаза: Боом капчыгайында 45 км узундуктагы 4 жол тилкелүү (4 тилкелүү 3,5м болгон), 103-147 кмге чейинки жолдо келе жаткан агымдарды бөлүү үчүн жана талап кылынган жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол огу боюнча темир бетон тосмосу орнотулган. Участоктун узундугу боюнча калыңдыгы 12 см (7 + 5) болгон жаңы асфальтобетон төшөө пландаштырылган.

Жолдун туурасы 16 метр.

2-этапта каралган баардык курулуш жумуштары 2013-жылдын 30-декабрь айында аяктаган.

3-фаза: Долбоордук трасса 147 кмде оңго бурулуп, Кувакы ашуусу аркылуу Кочкор тарапка өтөт жана 214 кмде негизги трассага туташат, ошол участоктун аягына чейин 272 км өтөт. Долбоордук каттамдын Кувакы ашуусу аркылуу өтүшү жолдун узактыгын бир аз кыскартат (Балыкчы аркылуу 67 км дин ордуна 26 км).

Кувакы ашуусу (147 — 214 км) 2012-жылдын октябрь айында толугу менен бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылган. 2013-жылдын октябрь айында 214-тен 272-чакырымга чейин асфальтобетон төшөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн.

Аткарылган иштин жалпы суммасы 200,560 млн. АКШ долларын же келишимдин наркынын 100,28% түзөт.

Долбоор 2014-жылы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

 Пресс-кызмат