mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун акыркы жол тилкесине асфальт-бетон төшөлмөсүнүн үстүңкү катмары төшөлүүдө

Бишкек-Кара-Балта жол тилкесинин асфальт-бетон төшөлмөсүнүн  үстүңкү катмары күн сайын төшөлөт жана бүгүнкү күндө акыркы 42 км тегиздиктеги үстүңкү катмары төшөлүп жатат.  2021 — жылдын ноябрь айында негизги бөлүктү бойлой өтүүчү жолдогу асфальт -бетон жумуштарынын  бүтүшү күтүлүүдө.

 

Ошондой эле, 7,4 км узундуктагы 8,5 — 15,9 2 участокту реконструкциялоо 2021 -жылы подрядчы ChinaRailway No5  компаниясы менен келишимге кол коюлгандан кийин башталган. Учурда Киркомстром аянтына болжол менен 850 метр асфальт -бетон төшөлгөн. 7,4 чакырымдык бөлүктү келерки жылы толугу менен бүтүрүү пландалууда.

Бүгүнкү күнгө чейин, Бишкек-Кара-Балта жолунун 52,5 км (8,5 кмден 61 кмге чейин) узундуктагы жол тилкесинин курулуш иштери жана техникалык тейлөөнү ишке ашырып жаткан ChinaRailway No5  подряддык компаниясы жүргүзүүдө.  Бишкек-Ош унаа жолунун 3-коридорун БАРЭК (Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтык)  жакшыртуу долбоору, 4-фаза.

Долбоор Бишкек-Кара-Балта жолунун болжол менен 52,1 чакырым бөлүгүн  реконструкциялоо жана реабилитациялоо аркылуу жол белгилерин, көчөлөрдү жарыктандырууларын, унаа токтотуучу жайларын, аялдамаларын, парапеттер жана тротуарлар сыяктуу жол коопсуздугун камсыз кылып,  улуттук жана регионалдык байланышты жакшыртат.

Долбоордун негизги максаты — транспорттук жана эксплуатациялык чыгымдарды, ички жана аймактык трафик үчүн жол жүрүү убактысын кыскартуу.

2017 -жылы  15.9 – 61 чакырымда  узундугу 45.1 км  жол оңдоо иштери башталган жана бүгүнкү күндө 80% га бүткөрүлгөн. Жер тилкесинде асфальт -бетон төшөлүп  шагыл төшөө жумуштары  калган эмес.

 

Долбоор тууралуу жалпы маалымат

Донор:                                                Азия өнүктүрүү банкы

Жалпы узундугу:                              52,5 км (бөлүмдөр 45,1 км жана 7,4 км)

Кеңешчи;                                            TemelsuInternationalEngineering (Түркия)

Подрядчы;                                          СhinaRailway №5 (КЭР)

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы