mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек — Кара -Балта каттамында тарифти уруксатсыз жогорулатуу фактысы тастыкталган жок

Мамлекеттик автотранспорт агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгы (ЧАБ) «Кактус» маалымат агенттигинин порталында жайгаштырылган материалды карап чыгып, 2021 -жылдын 9-10-сентябрда ЧАБнын инспекторлору Бишкек — ​​Кара -Балта каттамындагы тарифте уруксатсыз көбөйтүү боюнча текшерүү жүргүзүшкөнүн билдирет. Эки күндүк текшерүүнүн жыйынтыгында тарифтерди жогорулатуу фактылары тастыкталган жок.

 

Бүгүнкү күндө Бишкек — ​​Кара -Балта каттамдарында төмөнкү маршруттар иштейт:

— 374 (экспресс) — 23 даана/ автобус иштейт. Жол кире — 60 сом;

— 339 (жөнөкөй) — 8 даана автоунаа / жол кире — 50 сом;

— 302 (жөнөкөй) — 16 даана автобус. Жол киреси — 50 сом;

«Чалдовар — Бишкек» жана «Кайыңды — Бишкек» каттамдары боюнча:

— 334 — 18 даана / жол кире — 80 сом;

— 332 — 30 даана / жол кире — 80 сом;

— 303 — 30 даана /  жол кире — 80 сом;

«Сокулук — Бишкек» каттамында:

— 369 — 25 даана / жол кире — 25 сом;

Беловодское — Бишкек маршруту боюнча:

370 — 30 даана / жол кире — 40 сом.

Автобустардын кечигиши айдоочулардын айтымында Сокулук жана Ново-Павловка айылдагы жол оңдолуп жаткан жолдун тыгыны менен байланыштуу.

Мындан ары күн сайын «Маловодное» стационардык постунда, Чүй облустук ИИБнин жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен бирге ЧАБнүн транспорттук көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору нөөмөттө тургандыгын билдиребиз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы