mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кара-Балта автожолунда курулуш иштери уланууда

Сокулук айылында 26-км 29-км чейин жер кыртышында иштер жүргүзүлүүдө, жараксыз кыртыш ташылып чыгууда.
Ал эми 29-км 33-км чейин Александровка айылында жолдун сол тарабында бир катмар жаткырылууда. Ал эми 33-км 35-км жолду экиге бөлгөн парапеттер орнотулууда.
Беловодск айылында 41-км 41,800-км аралыгында он тарабында шагыл менен жолдун негизи жасалууда. 43+400–44-км чейин он тарабында органоминералдык кошулма жасалууда, 37-км 40-км чейин Садовое айылында сол тарабында темирбетон лотоктор орнотулууда, 59-км 60-км чейин эки тарабынан суу түтүктөрү орнотулууда 12 даана.
Ал эми, таш майдалаган жабдууда, бүгүнкү күндө 73 мин кубометр материал даярдалды, темирбетон конструкциялар, парапеттер, жол четтериндеги бетондор, суу түтүктөрү даярдалууда.