mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек – Кара-Балта авто жолунун азркы учурдагы абалы

  Генералдык подрядчы тарабынан 2019-жылдын 15 январына чейин  түтүкчѳ, кѳпүрѳлѳрдү куруу иштери аткарылып келген. Азыркы учурда Бишкек – Кара-Балта автожолундагы курулуш иштери аба ырайынын тѳмѳндѳшүнѳн  улам убактылуу токтоп турат.

Курулуштагы жолчулардын негизги бѳлүгү   кышкы мезгилде  убактылуу «жумуштан бошотулду». 2019-жылдын март айларынан тарта курулуш иштери баштамакчы эгерде аба ырайы жакшы болсо.

Жазындагы куруу иштерине керектелүүчү материалдар Кыш мезгилине карабастан толук  түрдѳ даярдалып атат. Кышкы убактагы жолду кароо иштерине подрядчы тарабынан керектүу жумушчулар жана ошондой эле техника каралган.

     Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги  курулуп жаткан жол  жакта  жашаган тургундарды жана каттоочуларды курулуш иштерине түшунүү менен кароону ѳтүнѳт.

Ушул жолдо каттаган айдоочуларды жол эрежелерин бузбай, машиненин ылдамдыгын азайтууну, тартипти сактоону суранат.

Пресс-кызмат