mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Өлкөгө коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтардын текшерүү чараларын ишке ашыруусу менен таанышып чыкты.

Биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учак менен 120 жүргүнчү келген. Алардын баары учактын ичинен, андан соң конуу залынан дыкат медициналык текшерүүдөн өтүштү. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдүн кайсы өлкөдөн келгендиги аныкталып, Республикалык штаб тарабынан бекитилген өлкөлөрдүн 3 категориясы боюнча бөлүнөт.

«Жугуштуу вирустун өлкөгө кирүү тобокелдиктеринин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында бардык өткөрмө жайларында текшерүүчү кызматкерлерди коргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен максималдуу түрдө камсыз кылуу зарыл. Текшерүү процедураларын оптималдаштыруу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта биргелешкен иш алып барышсын», — деп Кубатбек Боронов катуу талап койду.

Ошону менен бирге ал башка өлкөдөн учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында кошумча өткөрмө жай ачуу маселеси караштырылып жатканын билдирди.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр убактылуу обсервация жайлары менен таанышты. Учурда мында 88 адам 14 күндүк карантинге алынган. Алар бардык тийиштүү анализдерди тапшырышууда.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, жөө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды өткөрүү учурунда текшерүүнүн жүрүшү менен таанышты.

«Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларында кооптуу инфекциясынын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча медицина, чек ара жана ветеринария кызматтары белгиленген тартипте иштеп жатышат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүктөр дезинфекцияланууда», — деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөрдү медициналык текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартка тез жардам кызматы уюштурулган.