mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан алгачкы түз каттамды Ош шаарынын аэропортунан тосуп алышты

Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан алгачкы түз каттамды Ош шаарынын аэропортунан тосуп алышты. Салт боюнча учакты суу  чачуучу арка жасап тосуп алышты. Биринчи учак 20-февралдан 21-февралга караган түнү саат 03:15те Ош эл аралык аэропортуна конду. Ош-Шарджа каттамдары жумасына үч жолу «Air Arab» авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.

Белгилей кетсек, ар бир жаңы рейсти, учакты адатта суу чачуучу арка менен тосуп алышат. Бул салт эл аралык жана аэропорттун чоңдугуна карабастан, эгер жеке аэродром болбосо, жаңы каттамдарды ушинтип тосуп алууга аракет жасашат.