mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы таштандылар жана тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 14-чакырымында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө. Мындай иштер Ош-Өзгүр унаа жолунда (5-7-чакырым) дагы аткарылууда.

Базар- Коргон-Арстанбап унаа жолундагы көпүрөлөр акталып, сырдалууда.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31-35-чакырым аралыгында жол четин тазалоо жумуштары жүрдү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы