mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен облустук №7 Жол чарба департаменти жана №2 ДЭУнун өкүлдөрү Көк-Таш-Ак-Сай-Акташ унаа жолунун 7-чакырымында, куралдуу кагылышуу учурунда тажик аскерлери тарабынан жардырылган көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн жөнөп кетишти.

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  №2“Кыргызавтожол” МИ жана №7 жол чарба департаментинин Баткен облустук өкүлдөрү Көк -Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 чакырымында куралдуу кагылышуу учурунда тажик аскерлери тарабынан жардырылган көпүрөгө экспертиза жүргүзүү жана аны андан ары калыбына келтирүү үчүн жөнөп кетишти.

Белгилей кетсек Баткен облусунда жаңжал учурунда убактылуу жабылган бардык жолдор эми унаалар үчүн ачык.

Баткен обласында болуп жаткан ,жаңжал учурунда карапайым калкты жана стратегиялык маанидеги объектилерди коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иш-чараларды кабыл алуунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №7 Баткен аймактык жол чарба департаменти , №13ДЭУ жана №2 “Кыргызавтожол” МИ өкүлдөрү жаңжал учурунда аскер кызматкерлерине жардам көрсөтүп, Лейлек районунун карапайым калкын эвакуациялоого, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана Жарандык коргонуу кызматынын тапшырмасы менен  жол участокторун тазалоодо жана тосууда көмөк көрсөтүштү.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 17-сентябрында Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында жолдун Дача-Чайхана тилкесинде тажик аскерлери Ак-Таш айылында орнотулган 36 метрлик көпүрөнү  жардырышкан.

Жаңжал башталганга чейин Баткен районунун чек ара тилкелеринде атайын техниканын жардамы менен жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү жана куруу иштери жүргүзүлгөн. Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын чек ара тилкесинде кошуна мамлекет тарабынан күтүүсүздөн согуштук аракеттер башталганына байланыштуу жол куруу техникалары чыр-чатактын аймагында калган:

— Кызыл-Бел-Достук унаа жолунун участогунда эки техника (1-даана жүктөгүч жана Nissan-Pickup-1даана жеңил унаа);

— Эски-Оочу-Максат унаа жолунун тилкесинде эки техника (Экскаватор-1 даана. Бульдозер-1 даана).

 

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжал болгон аймакты тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу кароосуз калган техникаларды куткарууга жана абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат.