mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен областынын жарандарын эвакуация кылуу боюнча 2022-жылдын 26- сентябрынан 2 — октябрь аралыгында Баткен облусу боюнча жалпы 170 бирдик кичи автобустар эвакуация иштерине тартылган.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 2022-жылдын 14-17- сентябрында Кыргыз Республикасынын менен  Тажик Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы болгон кагылышуусунда Баткен областынын жарандарын эвакуация кылуу боюнча 2022-жылдын 26- сентябрынан 2 — октябрь аралыгында Баткен облусу боюнча жалпы 170 бирдик кичи автобустар эвакуация иштерине тартылган.

Ош облусу боюнча 2022-жылдын 15 – сентябрында Баткен облусуна жана Чоң-Алай районуна  күч түзүмдөрүн жана гуманитардык жардамдарды ташуу боюнча:

—              137 – кичи автобус тартылган,

—              82 – жүк ташуучу автоунаа гуманитардык жүктөрдү ташууга;

—              11 – тралл оор техникаларды ташууга катышкан.

Жалал-Абад областы боюнча 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Жалал-Абад областык администрация тарабынан Баткен областына, Жалал-Абад областык ички иштер кызматкерлерин жеткизүү үчүн 10 кичи автобус тартылган.

Чүй облусунан Бишкектен Баткенге эвакуация болгон жарандарды жеткирүү үчүн: 2022-жылдын үчүн

28-сентябрь күнү 4- кичи автобус

29 — сентябрда 12 — кичи автобус

30 – сентябрда 7- кичи автобус

1-            октябрда 6- кичи автобус

3-октябрь 2 кичи автобус тартылды.

Ысык-Көл облусунан 2022 — жылдын 29 — сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы реаблитациялык борборундагы Баткендик жарандарды өз мекенине жеткизүү үчүн  3 Мицубиси үлгүсүндөгү автобус тартылган.

КР ТжКМ басма соз кызматы