mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен-Боз-Адыр унаа жолу оңдолууда

Баткен-Боз-Адыр унаа жолу оңдолууда. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат.

Жер иштери бүткөн соң жаңы асфальт төшөө бардык жол куруу нормаларына ылайык салынат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы