mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Башка жер тилкесинен грейдер алынып келип Ат-Башы-Кында-Торугарт жолунун 0-10 км чейн Брилик-Ак-Моюн-Ак-Муз участокто жолду туздоо иштери бутту

 

Башка жер тилкесинен грейдер алынып келип Ат-Башы-Кында-Торугарт жолунун 0-10 км чейин Брилик-Ак-Моюн-Ак-Муз участоктогу жолду түздөө иштери бүттү

 

 

№20 Жол тейлөө мекемеси тейлеген автоунаа жолдорун өз убагында автогрейдер менен кырып тегиздөө жумуштарын аткарып келет. Бүгүнкү күндө шагыл төшөлгөн автоунаа жолдорун  абалы кескин начарлап айрым жер тилкелеринде кум-шагыл аралашмасы азайып, калыбына келтирүү иштерин жасаганы менен автоунаалардын көбөйүшүнө байланыштуу автоунаа жолунун абалы кыска убакыттын ичинде кайрадан начар абалга келип калууда.

Ат-Башы-Кында-Торугарт 0-30 Брилик-Ак-Моюн-Ак-Муз айылдарына чейинки автоунаа жолдорунда 2021-жылдын 25-28-июнь күндөрү автогрейдер менен кырып тегиздөө жумуштары жүрүп жаткан мезгилде, эскилиги жеткен техника бузулуп, ошол учурда кошумча техникалар башка автоунаа жолдо жүргөндүгүнөн 0-10 км аралыгындагы Бирлик айылына чейинки автоунаа жолу толук бүтпөй калган. Учурда кайрадан жолдор калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жерге башка жер тилкелеринен грейдер алынып келинип Ат-Башы-Кында-Торугарт жолунун 0-10 км чейин Брилик-Ак-Моюн-Ак-Муз жер тилкелериндеги жолду туздөө иштерин бүттү.

№20 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жолдорду тейлөөдө техника жактан кыйынчылыктар болуп келет. Себеби техникалардын эскилигиненен жумуш учурунда көптөгөн кыйынчылыктарды пайда кылып, ошол себептен техникаларды оңдоп-түздөөгө муктаж жана ошону менен жолдорду тейлөөдө №20 Жол тейлөө мекемесинин бирден-бир көйгөйү бул техникалардын жетишсиздиги.

№20 Жол тейлөө мекемесине тиешелүү автоунаа жолдорунда жол кырсыктарын болтурбоо максатында жана элдин бара турган жерине эсен-аман барып келишине мекеме болгон күч аракетин жумшап, жогоруда айтылган автоунаа жолдорунун утурумдук тейлөө жумуштары, акча каражыты каралган өлчөмүндө өз убагында аткарылууда.

 

КРТжКМ басма сөз катчылыгы