mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза. узундугу 52,5 км (км 8,5 – км 61), Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялосу, 8,5 – 61 км участогу боюнча маалымат

Реконструкцияланган жол Чүй облусунун калк жыш жайгашкан аймактарын аралап өтөт. Курулуш долбоору Бишкек шаарынын четинен башталып, Кара-Балта шаарынын башталышы менен аяктап, узундугу 52,1 кмди түзөт. Автомагистралда трафиктин көлөмү күнүнө 40 000 унаага жетет.

Долбоор Бишкек-Кара-Балта жолунун болжол менен 52,1 километр тилкесин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү аркылуу улуттук жана аймактык байланышты өркүндөтөт, ошондой эле жол белгилери, көчөлөрдү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар, парапеттер жана тротуарлар сыяктуу жол коопсуздугун камсыз кылынат. Долбоордун негизги максаты — транспорттук жана эксплуатациялык чыгымдарды кыскартуу жана ички жана аймактык трафик үчүн жол убактысын кыскартуу болуп саналат. Бул улуттук жана аймактык сооданы жеңилдетет, ошондой эле айылдык коомчулуктун базарларга, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Донору:                        Азия Өнүктүрүү Банкы;

Узундугу:                       52,5 км (45,1 жана 7,4 км)

Консультанты              Temelsu International Engineering (Туркия)

Подрядчы                             Сhina Railway №5 (КЭР)

Бүгүнкү күнгө, Бишкек-Кара-Балта жолунун 52,5 км (8,5 кмден 61 кмге чейин) тилкесинде курулуш иштерин жана оңдоо иштерин, БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу, Бишкек-Ош унаа жолу, 4-фаза долбоорун ишке ашырып жаткан China Railway No5 подрядчы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Узундугу 45,1 км болгон км 15,9 — 61 тилкесинде иштер 2017-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин 72% га аткарылды;

Узундугу 7,4 км болгон 8,5 — 15,9 км тилкесинде жумуштар 2021-жылы, азыркы подрядчик менен келишимге кошумча түзүлгөндөн кийин башталган жана бүгүнкү күнгө чейин иш 2% га аткарылды;

Асфальтбетондун төмөнкү катмарын төшөө иштери Сокулук айылындагы (24-30 км) жана Киркомстром участкасында (8.5 — 9.02 км) жерде жүрүп жатат. Ошондой эле, ар кайсыл жерде төмөнкү асфальтбетон катмары төшөлгөн жерлерде асфальтбетондун үстүнкү катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.

45,1 км участогундагы асфальтбетон төшөлмөсүнүн жалпы төшөлүшү:

  • Асфальтбетон төшөлмөсүнүн төмөнкү катмары — 42,6 км бүттү;
  • Жогорку катмары — 31,9 км аяктады;

7,4 км тилкеде асфальтбетон төшөлмөсүнүн жалпы төшөлүшү:

  • Асфальтбетон төшөлмөсүнүн төмөнкү катмары – 600 метр бүттү;

2021-жылга иш-планы:

  • 45,1 км тилкесине бүт асфальтбетон төшөлмөсүн төшөө иштерин 2021-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландаштырылууда;
  • 7,4 км тилкеде асфальтбетон катмарын төшөөнү улантуу жана 2 км асфальтбетон төшөлмөсүн төшөөнү аяктоо пландаштырылууда;

Пландалган жолдун техникалык көрсөткүчтөрү

Бул бөлүм I-b-техникалык категориядагы — жалпы шаардык маанидеги негизги көчөлөрдүн стандарттарына ылайык иштелип чыккан, төмөнкү геометриялык көрсөткүчтөрдү камтыган:

— жол тилкелеринин саны — 4 жана 6;

— эсептелген октогу жүк — 11,5 тонна.

Долбоор жүрүп жаткан жердин бүткүл узундугу боюнча 14 см калыңдыктагы эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмөсү төшөлөт, үстүңкү катмары 5 см, төмөнкү катмары 9 см жана 9 см калыңдыктагы органоминералдык катмар салынат. Мындан тышкары, долбоордун алкагында көпүрөлөрдү оңдоо — 7 даана, кичи жасалма курулмалар — 671 даана, аялдамалар — 114 даана, тротуарлар — 81 285 п / м 6 жаңы жер алдындагы өтмөктөрдү куруу жана учурдагы 4 жер алдындагы өтмөктөрдү оңдоо каралган.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы