mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата 0-104 км автожолунун реконструкциялоо долбооруна 2018-жылга республикалык бюджеттен 985,0 млн.сом акча каражаты каралган, ал эми аткарылган жумуштун көлөмү 1 270,5 сомду түздү.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата 0-104 км автожолунун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жумуштарынын негизинде 2018-жылы III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо алкагында ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» ишканасы тарабынан бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды. Алардын ичинен 33,0 км асфальтобетон жабдуусунун астынкы катмарын тѳшѳѳ жана 19,0 км асфальтобетон жабдуусунун үстүнкү катмарын тѳшѳѳ жумуштары аткарылды, андан сырткары бир нече жасалма курулмалар жана жер жумуштары жүргүзүлдү.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата 0-104 км автожолунун реконструкциялоо долбооруна 2018-жылга республикалык бюджеттен 985,0 млн.сом акча каражаты каралган, ал эми аткарылган жумуштун көлөмү 1 270,5 сомду түздү.

Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кызматташтыгынын Советинин отурумун даярдоо алкагында ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» ишканасы тарабынан Аврора, Карвен 4 сезона, Акмарал, Кыргызское взморье, Витязь пансионаттарына баруучу жолдорду капиталдык оӊдоо түзөө жумуштары жалпысынан 55,8 млн. сомго жол жумуштары аткарылган.

Ошол себептен, Жол чарба департаментинин ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» ишканасына Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун (0-104) реконструкциялоо боюнча кредитордук карызы 251,1 млн. сомду түзөт.

Аталган карызды толоп беруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү каттар жолдонуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 200,0 млн.сом, кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди. Болунгон акча каражатынын ичинен Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун реконструкциялоого 144,2 млн. сом, жогоруда коростулгон пансионаттарга баруучу жолдорду капиталдык оӊдоо түзөө жумуштарына 55,8 млн. сом жумшалат.

Бирок, бүгүнкү күнго чейин Жол чарба департаменти жогоруда аталып өткөн акча каражаттарын ОсОО ЦКДиМ «ЛонгХай» ишканасынын эсеп счеттору убактылуу камакка алынгандыгына байланыштуу которуп берууго мумкунчулук болгон жок.

Ушул жылдын 18-декабрь күнү Жол чарба департаментинин директору Ш.Иманкуловдун тарабынан ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» ишканасынын окулдору жана айлык маянасын ала албай жүргөн бир топ жумушчулар менен жыйын өткөрүлдү жана «Лонг Хай» ишканасынын жаны ачылган счетуна 144,2 млн. сом акча каражаты которулуп берилди.

ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» ишканасынын өкүлдөрүнүн Жол чарба департаментине берген убадасына ылайык 19-декабрь куну саат 09:00дон баштап жол жумушчуларга, подряддык ишканаларга жана башка карыздары төлөнүп башталат.

 

 

пресс-кызмат