mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы шаарында маршруттук унаалар текшерилүүдө

Балыкчы шаарында маршруттук унаалар текшерилүүдө. Балыкчы шаарынын автобекетинде КР Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери биргеликте жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген маршруттук унаалардагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерди.

Тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында бир катар айдоочулардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин толук кандуу аткарбагандыгы аныкталып, протоколдор түзүлдү. Айдоочуларга дезинфекциялык каражаттар, медициналык беткап, колкап, санитайзерлер менен камсыздалышы, алардын канчалык өлчөмдө, канча даана болушу, жүргүнчүлөрдүн аралыгынын сакталышы тууралуу дагы маалымат берилди. Жыйынтыгында кемчиликтер аныкталып, бузуулар кодексине ылайык айыппул салынды.

Айта кетсек, “Коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө ирээтинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар» боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер бекитилген. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу иретинде жана экономикалык ишти этабы менен кайра жандандыруу максатында кабыл алынган.