mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун демилгеледи.

Бул долбоор Түндүк-Түштүк темир жолун куруунун биринчи этабы катары Балыкчы — Кочкор участкасында 63 км узундуктагы темир жолду курууну карайт.

Курулушту “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен баштоо жана ишкананын таза кирешесин мамлекеттик бюджетке түшкөн пайданын 50% төлөп берүү милдеттенмелеринен бошотуу менен пайдалануу сунушталууда.

Ошондой эле, “Кыргыз Темир Жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына темир жолду курууга керектүү жерлерди пайдаланууга шилтеме берүү сунушталып жатат.

Бул долбоор, биринчи кезекте, калкты жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун күз-кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү учурунда көмүрдү ташуунун эң аз чыгымдуу каттамын түзгөндүгүнө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Бул токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, 2020-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган.

http://koomtalkuu.gov.kg/article/ministerstvom-transporta-i-dorog-kyrgyzskoi-respubliki-initsiirovan-proekt-postanovleniia-pravitelstva-kyrgyzskoi-respubliki-o-s