mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Каракол жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Азыркы учурда «Чу Прокси» компаниясы бардык субподряддык уюмдар менен бирге «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» жолунун 2-фазасындагы жер иштерин баштады. Компания жол тилкесин тазалап, кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул тилкенин 33+400-36+800-чакырым аралыгы саздак болгондуктан жолду бекемдөө үчүн 23-чакырымдан казылып алынган таштар керектелүүдө.

Компания жол иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү пландаштырууда.  II техникалык категориядагы эл аралык маанидеги долбоор ата мекендик компаниялар үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. Анткени ал жергиликтүү ата мекендик компаниялардын беделин бекемдеп, кошумча тажрыйба топтоого мүмкүндүк берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы