mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы — Барскоон тилкесинде жолдун курулуш ишетери уланууда.

Участканын көпчүлүк бөлүгүндө жер казуу иштери жүрүпжатат. Балыкчы шаарына жакын жердеги участокко 2,2 чакырымга асфальт-бетон төшөлгөн.
Реконструкцияланган участоктун жалпы узундугу 141,6 км түзөт. Жолду бөлүп турган тосмо менен төрт тилкелүү кылуу пландалууда. Асфальттын үстүнкү катмары үчүн майдаланган-мастикалуу асфальт-бетон (СМА) колдонулат. Мындай жабуу Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун курууда колдонулган.
Курулуш үч фазага бөлүнөт – 0 чакырымдан 25 чакырымга чейин, 25 чакырымдан 71 чакырымга чейин жана 71 чакырымдан 141 чакырымга чейин.
Учурда жолду кеңейтүү, бак-дарактарды жулуп, кыюу иштери жана темир-бетон түтүктөрүн, лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.
Бул долбоордун башкы подрядчиги болуп Кыргызстандын жол куруу ишканаларынын ассоциациясы, ошондой эле «Кыргыз жол курулуш», «Чу прокси», «РюЗ», «Жолчу», «Мостдорстрой», «Трансстройдорсервис», «Ысык-Көл Дорстрой», «Билдинг менеджери», «Сармат», «Дос Инженеринг».”.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы