mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолуна сел түштү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин карамагындагы №33 ЖТМ Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 102 чакырымына нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жолго чыккан шагыл-кумдарды тазалоо жумуштарын жүргүзүүдө. Учурда жол каттамы ачык.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы