mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда, жолдун суу каптаган тилкелеринен суу агызылып, тазаланып жатат

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 31-январында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чүй облусунда күндүз 0…+5; Таласта +1…+6; Баткенде 0…+5; Ош, Жалал-Абад облустарында 0…+5; Ысык-Көлдө 0…+5, Нарында-1…-6.

2023-жылдын 31-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусун (390-чакырымынан 427-чакырымына чейин) ТжКМге караштуу «Кыргызавтожол» МИнин №30 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан таштандылар тазаланды. Төө-Ашуу ашуусунда жолдун 119-чакырымынан 129-чакырымына чейинки аралыкта №9 ЖТИнын кызматкерлери муздарды тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдарды кошуп жатышат. Автоунаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жок.

Түп-Кеген унаа жолунда өтмөк ачык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн суу баскан тилкелеринен суу агызылып тазаланып жатат. Ошондой эле №4 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жолдордун жанындагы бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлүп жатат, себеби бак-дарктар көлөкө пайда кылып тилкелериндеги муздун жаралуусуна алып келген.

Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Түзбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларында ТжКМнин жол тейлөө ишканаларынын (ЖТИ) кызматкерлери Мжолдорду тазалап, инерттүү материалдар (туз жана кум) менен толтуруу иштерин аткарып жатышат.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну жана ашууларда жасалма тыгындарды болтурбоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлерде кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарылдыгын эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы