mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Байтик-Арчалы-Жал унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Байтик-Арчалы-Жал унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 жол тейлөө мекемесинин жолчулары жолдун 420 метр жерине асфальт жаткырышты.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери 22-апрелде башталган. Быйыл Байтик-Арчалы-Жал унаа жолунун 4 чакырымын оңдоо каралган. Жалпы 9 чакырым болгон жолдун былтыр 3 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жүргөн. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы