mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бөкөнбаев-Коргонду-Булак-Жылуу-Суу унаа жолунда жер көчкү жүрүп, тазалоо иштери жүрүүдө

Бөкөнбаев- Коргонду-Булак -Жылуу-Суу унаа жолунун 28-30-чакырым аралыгында жер көчкү жүрүп, жолду толугу менен жаап калган. Азыркы тапта тазалоо иштери жүрүүдө. Бул жол Тосор ашуусуна кетчү жол. Азыркы тапта малчылар айланма жол аркылуу каттап жатышат.

№35 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун четин тегиздешти.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун четиндеги тосмолодун түбү тазаланды.

Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолунда асфальт-бетон аралаштырмасын төшөө жумуштарына даярдыктар көрүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-427-чакырым аралыгы таштандыдан тазаланды.

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 40,3-46,9-чакырым аралыгында жолду кеңейтүү, тегиздөө иштери жүрүп жатат.

№48 жол тейлөө ишканасы караган унаа жолдо жол белгилерин оңдоо, таштарды, жапайы өскөн тикендүү бадалдарды тазалоо иштери жүрдү.

Тараз-Талас-Суусамыр эл аралык маанидеги унаа жолунун 81-97,5-чакырым аралыгында  суу өтүүчү түтүктөр тазаланды. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдун эки четиндеги толуп калган арыктарды тазалоо иштери жүрдү.

 

Белгилей кетсек, аймактарды тейлеген жолчулар кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө жана жолду кеңейтүү иштери менен алек.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы