mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүнкү күндө “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо. IV этап » долбоорунун алкагында Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки аралыктагы 32,5 км жолдун астынкы катмарынын астфальт бетону төшөлдү

Бүгүнкү күндө “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо. IV этап » долбоорунун алкагында  Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки аралыктагы 32,5 км жолдун астынкы катмарынын астфальт бетону төшөлдү. Долбоордун каржылык өнүгүүсү болжол менен 33%ды түздү. 2021 –жылы 17 км узундуктагы  асфальт -бетон төшөлмөсүнүн  астынкы катмары салынган. Жалпысынан 2021 -жылы 20 кмден ашык асфальт -бетон төшөө пландаштырылган.

Белгилүү болгондой  КР Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки тилкеде  узундугу 67 км курулуш иштерин баштаган. “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо. IV этаптагы» долбоордун иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги “ Азвирт”  ЖЧКсы менен жаңы жол куруу үчүн жол салуу жумуштарын баштаган.  Анын ичинде жаңы жол  куруу жана эски көпүрөлөрдү калыбына келтирүү,  суу өткөргүчтөрдү куруу жана кутуча түрүндөгү суу түтүктөрүн орнотуу, коопсуздук тосмолорун, тротуар, жол белгилери, аялдамалар сыяктуу жол коопсуздугунун элементтери  жана башка  деталдуу долбоорлоо келишимин түзгөн.

Келишим түзүлгөндөн бери башкы подрядчы деталдуу долбоорду иштеп чыгууну аяктады жана Мамлекеттик экспертизадан оң корутунду алды. Курулушка жалпысынан 150 адам жана 80 чоң көлөмдөгү техникалар тартылган.  Мындан тышкары, подрядчы саатына 210 тонна өндүрүмдүү асфальт — бетон заводун мобилизациялаган. Курулуш аяктагандан кийин, жакынкы аймактардын жашоочулары Бишкек-Ош жолунун колдонуучулары  67 кмге чейин жаңы 2 жана 4 тилкелүү асфальт-бетон төшөлмөлөрүнон автотранспорту айдай алышат. Бул миңдеген адамдардын жашоо сапатын жакшыртат жана аймакты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Долбоор тууралуу жалпы маалымат

Донор:                                                    Азия өнүктүрүү банкы

Кенешчи:                                                Renardet (Швейцария).

Подрядчы:                                               Azvirt (Азербайджан).

КР ТжКМнин басма сөз кызматы