mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүнкү күндө Бишкек-Кара-Балта жолунун узундугу 52,5 км (8,5-чакырымынан 61-чакырымына чейин) курулуш-эксплуатациялоо иштерин «China Railway №5» подряддык компаниясы жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Кара-Балта жолунун 52,5-чакырымында (8,5-чакырымынан 61-чакырымына чейин) курулуш жана оңдоо иштерин ЦАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору, 4-фазасында
Бишкек-Ош жолун ишке ашыруучу China Railway №5 подряддык ишканасы жүргүзүүдө.Подрядчы долбоордук жолдун 45,1 км (15,9 км – 61 км) негизги участогуна көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин толугу менен аяктады. Узундугу 45,1 км болгон негизги тилкеден тышкары 2021-жылы азыркы Подрядчы менен келишимге кошумча түзүлгөндөн кийин 7,4 км узундуктагы 8,5 – 15,9 км тилкесинде иштер башталган.
2022-жылдын курулуш мезгилине Подрядчы 89 бирдик курулуш техникасын, ошондой эле 250гө жакын персоналды мобилизациялады, анын ичинен 36 чет элдик адистер. 2022-жылдын аягына чейин 7,4 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөлмөсүн толугу менен төшөө жана негизги жол куруу иштерин бүтүрүү пландалууда.