mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарынан Эпкин айылына чейинки жолдун 70 чакырымдык  (0 кмден 43 кмге чейин жана 64 кмден 89 кмге чейин)  бөлүгүндө курулуш иштерин Sinohidro подрядчы  тарабынан аткарылууда. ЦАРЭС транспорттук коридорлорунун 1 жана 3 кошумча каржылоонун ортосундагы байланыш жолунун долбоорун ишке ашыруу

Жер тилкесинде курулуш иштери боюнча келишимге 2020 -жылы кол коюлган жана бүгүнкү күндө асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астынкы катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. 2021 -жылдагы курулуш мезгилинде подрядчы асфальт төшөлмөсүнүн 4,8 км астынкы катмарын төшөгөн. Курулуш сезону аяктаганга чейин подрядчы долбоордун эки участогуна 18 км асфальт төшөө салууну пландап жатат.

Долбоор боюнча негизги маалыматтар:

Балыкчы шаарынан Эпкин айылына чейинки жолду реконструкциялоо 70 чакырымдык экинчи категориядагы эки тилкелүү трассаны куруу болуп саналат. Төмөнкү катмары  9 см, үстүнкү катмары 6 см калыңдыктагы майдаланган асфальттын эки катмарлуу асфальт-бетон төшөгүн төшөө пландаштырылган. Долбоор калктуу конуштарды жарыктандырууну карайт.

Долбоордун негизги максаттары — жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды арзандатуу, жергиликтүү жана эл аралык транспортту көбөйтүү, жергиликтүү тургундар үчүн кошумча киреше мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы жумуш орундарын түзүү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы