mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн түнү Бишкек-Ош автожолунда 4 жолу кар кѳчкү түштү.

2021-жылдын 23 – февралынан 24- февралга караган түнү Бишкек-Ош автожолунун 223км –де  кар кѳчкү 4 жолу түштү. Кѳчкүнүн бийиктиги 2-2,5 метрди түзѳт. Учурда жолчулардын жардамы менен кар кѳчкү тазаланып  авто унаалардын каттоосуна жол ачылды. Бирок, ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүп жатат.

Пресс-кызмат.