mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 27-январында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын милдеттери боюнча брифинг өттү.

Бүгүн, 2022-жылдын 27-январында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын милдеттери боюнча брифинг өттү.

Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова

Катышкандар:

Досумбетов Кылычбек Рысдөөлөтович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы ;

Ибраимова Гульсада Идирисовна — Транспорт министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын (ЖТККжКБ) начальниги;

Бообеков Улан Кубанович — ЖТККжКБ нын башкы инспектору;

Каныбеков Медер Анарбекович — ЖТККжКБ нын улук инспектору.

Брифингдин жүрүшүндө Кылычбек Досумбетов ведомство жакында түзүлгөнүн, тиешелүү функциялар министрликке өткөрүлүп берилгендигин түшүндүрдү.

ЖТККжКБ нын жетекчиси жалпысынан жетекчиликтин ишмердүүлүгү жана милдеттери тууралуу айтып берди.

«Биздин башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу. Кыргызстан боюнча 50гө жакын техрегламент бар, анын сегизи Транспорт министрлигине бекитилген», — деди Ибраимова.

Анын айтымында, ЖТККжКБ нын негизги милдети Евразия биримдигинин ошол ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү талаптарын бузууга бөгөт коюу жана алдын алуу болуп саналат. Кыргыз Республикасында 50гө жакын ченемдик-укуктук актылары бар, анын 8и Транспорт министрлигине бекитилген.

Брифингде темир жол үчүн жүк ташуучу вагондор маселеси да козголду.

Улан Бообековдун айтымында, 100 жарым-вагон сатып алуу тендер аркылуу жүргүзүлүп, республикага алгачкы 20 вагон келген.

«2015-жылдан бери Орусия бизге кызмат мөөнөтүн бүтүргөн, бирок аны узартуу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөн жүк вагондорун киргизүүгө тыюу салган. Биз кызмат мөөнөтүн узарткыбыз келген, бирок баары бир тыюу салынгандыктан, азыр жаңы жүк ташуучу вагондорду сатып алып жатабыз», — деп эскерет ал.

Бардык айдоочулар үчүн техникалык кароону кайтаруу боюнча суроого ЖТККжКБнын жетекчиси Гүлсада Ибраимова мындай талап ЕАЭБдин техникалык регламентинде бар деп жооп берди.

«Жөнөкөй сөз менен айтканда, биздин өлкөдө ар бир унаа техникалык кароодон өтүшү керек», — деди Ибраимова.

Бул башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков аны толуктап, ички мыйзамдар өзгөргөндө гана техникалык кароо кайтарыла турганын, Кыргызстан техникалык кароодон өткөрүү боюнча норманы киргизүүсү керектигин, анткени бул ЕЭКтин талаптары экенин ырастады.

Кийинки маселе, мыйзам качан өзгөртүлөт деген суроо болду. Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов, анын билишиче, техникалык кароо маселелери Ички иштер министрлигинин карамагына өткөнүн айтты.

КР ТжКМ басма сөз кызматы