mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Азиз Эсенов Жол фондунун директору болуп дайындалды

Азиз Эсенов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 5-апрелде жаңы жетекчини жамаатка Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Момбеков Бактылуу Аскар уулу менен биргеликте тааныштырды. Ишине ийгилик каалаган министр алдыга коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу үчүн буга чейин топтолгон тажрыйбаны толук жумшап, жакшы натыйжа көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Бекназар Базаралиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Маалымат үчүн: Азиз Эсенов 1977-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган. 1994-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин “коммерция” багытында бакалавр, 2016-2018-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде “менеджмент” багытында магистрдик билимге ээ болгон. Эмгек жолун 1999-жылы каржы бөлүмүндө катардагы кызматкерден баштаган Азиз Эсенов Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун акиминин орун басары, “IGM Group” ЖЧКсынын башкы директору жана бир топ кызматтарды аркалаган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы