mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автотранспорт агенттиги анын шаардык жана облустардагы аймактык башкармалыктары тарабынан санитардык нормалардын сакталышы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган транспортко биргелешкен текшерүүлөр жүргүзүлдү

2020-жылдын 4-июнунда КР ТжЖМ, КР СМ жана КР ИИМдин биргелешкен буйругу менен бекитилген “Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине” ылайык, Автотранспорт агенттиги жана анын шаардык жана облустардагы аймактык башкармалыктары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

2020-жылдын 14-сентябрынан 21-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында регулярдуу автобустук каттамдардын белгиленген иш режиминин жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган транспортко биргелешкен текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында автобекеттерде, автостанцияларда, транспорттук көзөмөл пункттарында жана шаардык автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында 1900 автобус жана  кичи автобустар текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулар боюнча 20 протокол түзүлүп, 20000 сомго айып пул салынды жана 2 акт түзүлдү.

“Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми” бекитилгенден бери (2020-жылдын 20-июнунан 21-сентябрга чейин) жалпы 20950 автобус жана кичи автобустар текшерилип, эреже бузуучуларга 185 протокол жана бузуулар жөнүндө 84 акт түзүлдү, 477 500 сом суммасына айып пул жазылды. Ошондой эле автотранспорттук уюмдардын жетекчилерине жана айдоочуларга карата башка дагы чаралар көрүлүүдө. Санитардык кызматтар тарабынан 88 протокол түзүлүп, 63 800 сомго айып пул салынды.

Бул багыттагы жумуштар улантылууда.