mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

АУДИТОРДУК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КЫЗЫККАНДЫКТЫ БИЛДИРҮҮ

АУДИТОРДУК КЫЗМАТ
КӨРСӨТҮҮГӨ КЫЗЫККАНДЫКТЫ БИЛДИРҮҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ТҮШТҮК-ТҮНДҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК АВТОЖОЛУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ДОЛБООРУ, III-ФАЗА, км 159-183

Транспорттук тармак
Насыя №: KYR-0052 и СФР №3/696

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы (ИѲБ) тарабынан Түштүк-Түндүк, III-Фаза, авто жолунун 159-183 чакырым участогун реконструкциялоо долбоорунун чыгымдарын жабуу үчүн насыяалды жана бѳлүнгѳн каражаттын бир бѳлүгүн долбоордун чегинде аудитордук кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ жумшайт.

Кызмат кѳрсѳтүүлѳр долбоордун аудиттик финансылык отчёттулугун жана эсеп-кысап отчёттун даярдоону камтыйт. Долбоор боюнча сатып алуулар тууралуу «Asharq Alawsat» эл аралык гезитине 15.09.2015-жылы жарыяланган жалпы билдирүүнү караңыз.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги аталган кызматтарды кѳрсѳтүүгѳ кызыгууну билдирүү үчүн укуктуу аудитордук компанияларды чакырат. Аудит жүргүзүүдѳ тажрыйбасы болгон, ошону менен бирге Эл Аралык өнүктүрүү банктар тартарабынан каржыланган эң аз дегенде бир долбоорго аудитордук отчёт даярдоодо тажрыйбасы болуп кызыккан аудитордук компаниялар кызмат кѳрсѳтүү үчүн квалификациясы болгондугу тууралуу маалыматтарды (брошюра, окшош тапшырмалардын баяндамасы, окшош шарттардагы тажрыйба, туура келген жѳндѳмдүүлүккѳ ээ болгон жеке кызматкерлери болушу тууралуу ж.б.) берүүсү керек.

Консультанттар ѳздѳрүнүн квалификациясын жогорулатуу максатында биргелешүүсү мүмкүн жана так бирикменин түрүн көрсөтүү (биргелешкен ишкана же консультациялык кызматтар үчүн субподрядчик), ошондой эле ѳздѳрүнүн кѳрсѳткѳн кызмат түрүн (коммерциялык же коммерциялык эмес) так кѳрсѳтүшү керек.

Консультант Ислам өнүктүрүү банкынын каржылосунда консультанттарды тартуу боюнча Жолдомодо жазылган процедураларга ылайык тандалат (учурдагы басылма).

Кызыккан консультант компаниялар кошумча маалыматты тѳмѳндѳ кѳрсѳтүлгѳн дарек боюнча жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 дон 17:00го чейин ала алышат.

Кызыккандыкты билдирүү тѳмѳндѳгү дарекке 2019-жылдын 27 июнь саат 14:00го чейин (Бишкек убактысы) жеткирилип берилиши керек.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин
Ислам өнүктүрүү банкынын Долбоорлорду ишке ашыруу тобу:
6 кабат, 611-бѳлмѳ
Исанова кѳчѳсү 42
720017 Бишкек, Кыргыз Республикасы
Тел.: +996-312 31–43–88, 31– 47– 22
Факс: +996-312 31-43-88
E-mail: piumotckr@gmail.com