mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

АУДИТОРДУК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КЫЗЫККАНДЫКТЫ БИЛДИРҮҮ

Аудитордук кызмат

кӨрсӨтҮҮгӨ кызыкКАндыкты билдирҮҮ

 

Өлкө:       Кыргыз Республикасы

Багыты:   Инфраструктура/Транспорт

Долбоор: Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо (участ Корумду – Балбай),  км 104-184,5

Каржылоо ыкмасы: Кредит № KGZ-1019

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан Иссык-Кѳл айланма автожолунун (Корумду а. – Балбай а.) 104-184,5 чакырым участогун реконструкциялоо долбоорунун чыгымдарын жабуу үчүн насыя алды жана бѳлүнгѳн каражатты долбоордун чегинде аудитордук кызмат кѳрсѳтүүгѳ жумшайт.

 

Кызмат кѳрсѳтүү долбоордун финансылык отчёттулугун жана эсеп-кысап отчёттун даярдоону камтыйт. Долбоор боюнча сатып алуулар тууралуу Ислам өнүктүрүү банкынын, DGMarketте жана UNDB Online веб-сайттарын, ошондой эле жергиликтүү гезиттерде (Кыргыз Туусу, Слово Кыргызстана) жана Министрликтин сайтында 2021-жылдын 14-август айынан жарыяланган жалпы билдирүүнү караңыз.

 

Толук кызмат көрсөтүүнүн талаптарын төмөндөгү көрсөтүлгөн даректен таанышууга болот.

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациалар министрлиги талаптарга жооп берген укуктуу аудитордук компанияларды кызмат көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирүүгө чакырат. Компаниялар аудит жүргүзүү тажрыйбасы болгон жана эл аралык өнүктүрүү банктар тартарабынан каржыланган аудитордук отчетторду даярдоо боюнча толук квалификациялуу экендигин тастыктаган атайын маалыматтарды, эң аз дегенде бир долбоорго аудитордук отчёт даярдоодо тажрыйбасы болгондугу тууралуу маалыматтарды (брошюралар, окшош тапшырмалардын баяндамасы, окшош шарттардагы топтолгон тажрыйбаларды, кызматкерлердин жалпы квалификациясы жана тиешелүү жѳндѳмдүүлүктѳрүү болушу тууралуу ж.б.) берүүсү керек.

Кыска тизменин критерийлери:

а) ИӨБ талаптарына жооп берген укуктуу консультанттар (1.14-1.22-беренелери);

б) Профессионалдык жакшы абройго ээ жана 5 жылдан кем эмес аудитордук тажрыйбасы бар консультант, тактап айтканда, эл аралык өнүктүрүү банктары тарабынан же кандайдыр бир эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган бир долбоор боюнча аудитордук отчеттун даярдаган;

в) Консультанттын конкурста артыкчылык бере турган кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек.

Кызыкдар компания кызыкчылыктардын кагылышуу саясатына байланыштуу ИӨБдүн долбоорлорун каржылоо боюнча консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча колдонмонун 1.23 жана 1.24 беренелерин карап билүүлөрү керек.

Консультанттар ѳздѳрүнүн квалификациясын жогорулатуу үчүн башка фирмалар менен биригишүүлөрүү мүмкүн, ошону менен бирге ассоциация биргелешкен ишкана жана/же субконсультация боюнча кызматтар келишими түзүлгөндүгү жөнүндө так маалымат жазылышы керек. Эгерде биргелешкен ишкана конкурска катышып жана тандалып алынса анда бардык өнөктөштөрү келишимдин толук аткарылышына биргелешип же жекече жоопкерчиликтүү жана жооп бериши керек.

Жергиликтүү аудитордук компания консультанттарды тандап алуу боюнча Ислам өнүктүрүү банкынын колдонмосунда көрсөтүлгөндөй жол–жоболоруна ылайык (2019-ж. апрель), кыска тизменин эн арзан ыкмасынын негизинде тандалып алынат.

Кызыкдар болгон компаниялар кошумча маалыматты тѳмѳндѳгү кѳрсѳтүлгѳн даректен жергиликтүү убакытта 09:00дон 17:00го чейин ала алышат.

Компаниялар аудитордук кызмат көрсөтүүгө кызыккандыгын билдирүү документерин тѳмѳндѳгү дареке 2021-жылдын 29 сентябрь айда 14:00го чейин (Бишкек убактысы) жеткириши керек.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин

Ислам өнүктүрүү банкынын Долбоорлорду ишке ашыруу тобу:

6 кабат, 611-бѳлмѳ

Исанова кѳчѳсү 42

720017 Бишкек, Кыргыз Республикасы

Тел.: +996-312 31–43–88, 31– 47– 22

Факс: +996-312 31-43-88

E-mail: piumotckr@gmail.com