mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ат-Башы районунун борборундагы (узундугу 5 км) жана Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма жол тилкесиндеги (0-23 км, узундугу 23 км) көчөлөрү капиталдык оңдоодон өттү

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырым реконструкциялоо долбоорунун үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен 2019-жылы кошумча курулуш иштерин аткаруу үчүн подрядчы «Копри/Синохидро» компаниясы менен Ат-Башы жана Нарын райондорунун 28 чакырым жолдорун капиталдык ремонт жасоо үчүн (Ат-Башы районунун борборундагы көчөлөрүнө 5 км асфальтобетон төшөө жумуштары) жана (Он-Арча-Жаӊы-Талап-Ашырма жолуна узундугу 23 км асфальтобетон төшөө) жүргүзүү 8,6 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошумча №4 келишим түзүлгөн.
Подрядчы тарабынан тɵмɵнкү курулуш иштери аткарылган:
—Он-Арча-Жаны-Талап-Ашырма жолунда 23 км асфальтбетон катмары тɵшɵлдү ;
— Ат-Башы районунун борборунун кɵчɵлɵрүнɵ 5 км асфальтбетон катмары тɵшɵлдү;
— 50 даана суу ɵтүүчү түтүкчɵлɵр салынды;
— 2 көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү (км 0+107; км 8+837);
— км 1+080-1+211 тирегич дубал салынды.
Курулуш иштеринин аткарылышы 7,5 млн. АКШ долларын же 87% контракттык бааны түздү.
2021-жылдын 2-июнда курулуш жумуштары бүткɵрүлдү жана долбоор участогу кепилдик мөөнөткө өткөрүлүп берилди. Кепилдик мөөнөтү 2022-жылдын 2-июнунда бүтөт.
 
КР ТжКМнин басма сөз кызматы