mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларга жана республикалык каттамдарга тайгакка каршы инерттүү материалдар чачылды, жолдордогу өтмөк ачык

Кечээ кечтен бери ашууларда кар жаап жатат. Төө-Ашуу ашуусунда кардын калыңдыгы 10 сантиметрге, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуусунда 15 сантиметрге жетип, кыймылга жол ачык, чектөө киргизилген жок. КР Транспорт министрлигинин No9 ДЭУнун кызматкерлери түнкүсүн жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдарды төгүштү.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, атап айтканда, Боом капчыгайында, Долон жана Кызыл-Бел ашууларында да жолдорду тазалоо жана инерттүү материалдарды кошуу иштери жүргүзүлдү. Мындай иштер башка ашууларда, атап айтканда, Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма жана башка ашууларда жүргүзүлүүдө. Бардык жолдор кыймыл үчүн ачык.
2022-жылдын 15-февралында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда көлөмү 340м3 кар көчкү түшүп, ошол күнү саат 02:00дө тилкеси кардан тазаланган. Ошондой эле, Красная-Горка-Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүп, көлөмү такталууда, бул тилкеде тазалоо иштери жүрүп жатат.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу үчүн кыш мезгилинде жолдордогу жол белгилерине ылайык ылдамдыкты чектөө керектигин унаа айдоочуларына эскертет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги ошондой эле айдоочуларды ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчасын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (жол тыгыны болгон учурда) жана жол кыймылы учурунда атайын техниканын унаа тыгынына жол бербөөгө чакырат. кар жаашы.
Өтмөктөрдөн өтүүчү тилкелерде унааларды кар көчкүнүн астында калбоо үчүн унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону суранабыз.
КР ТжКМ басма сөз кызматы