mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларга кар жаап, жолчулар жолдорду тазалашууда

«Төө Ашуу, «Өтмөк», жана башка ашууларда кар жаап, жолчулар жолду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө.
Нарын-Баетова автожолунун «Ак-Кыя» ашуусунун «Нарын-Оруктам» автожолунда кар көчкү тазаланды.
Ашуулардын барында жол ачык. Тазалоо иштерине атайын техника тартылган.

2020-жылдын 12-апрелинен 16-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.