mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда жааган кардан улам жолдор тазаланды

2020-жылдын 6-апрелинде түнү Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр–Талас–Тараз Өтмөк ашуусунда кар жаап, жолчулар таныда жолду тазалашты, жол автоунаалар үчүн ачык.

Жогорудагы тилкелердин барында Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары атайын техника менен жолду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишти.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөнгөлөктөрдү кышкы дөнгөлөктөргө алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 м. аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.