mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда кар жаап, жолчулар жолдорду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чоң-Ашуу, Чапчыма жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаап жатат

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин жолчулары жолдорду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө.
Жолду тазалаганга атайын техника тартылган, учурда унаалар үчүн жол ачык.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги кар жаап жолдор тайгак болгон учурда, ашууларда жол жүрүүдө жайкы дөнгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүүгө чакырат.
3-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Тоолу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.