mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда кар жаап жатат,

Ашууларда кар жаап жатат, учурда жолчулар жолдорду тазалашууда
Төө-Ашуу жана Ала-Бел, Өтмөк, Сөөк, Каракол-Энилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак автожолдорунда майда кар жаап жатат.
Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары жолдорду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө. Унаалар үчүн жолдор ачык.
Министрлик тейлеген жолдордо адистер жолдорго көзөмөл салып, тазалашууда. Учурда иштеп жаткан ведомствонун адистери зарыл болгон медициналык жабдыктар менен камсыздалышкан.