mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Альтернативдик тоннельди куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум республиканын региондорунун байланышын жакшыртуу милдетин аткаруунун алкагында кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Б.Бердалиев менен ЛТД Кристофера Тана – «К7» компаниясынын башчысы менен жолугушуу болуп ѳттү

2020-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде министрдин жолугушуусу болуп ѳттү. Бул жолугушууда Тоо-Ашуудагы туннельге альтернатива катары курулучу 11 чакырым узундуктагы туннельдин курулушун карап чыгуу болду.

2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын ѳнүктүрүүнун улуттук стратегиясына, ошондой эле 2025-жылга чейинки Жол тармагыгын  ѳнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык автожолдоро инфраструктурасын ѳнүктүрүүдѳ Транспорт жана жол министрлигинин алдына бир катар милдеттер коюлган.

Баарына маалым болгондой алардын негизгилери:

— автотранспорттук коридорлорду куруу жана калыбына келтирүү;

— ички жолдорду абалын жакшыртуу.

Альтернативдик тоннельди куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум республиканын региондорунун байланышын жакшыртуу милдетин аткаруунун алкагында коюлуп жатат.

Альтернативдик тоннельди куруу долбоору бул азыркы мезгилдин талабы десем жанылышпайм, анткени Бишкек-Ош жолундагы азыркы тоннелдин техникалык параметрлери бүгүнкү күндѳ ѳтүп жаткан транспорттун санын коопсуз ѳткѳрүүгѳ кыйынчылык жаратып, кийинки 5-6 жылдан кийин жолдогу транспорт кыймылынын интенсивдүүлүгүнѳ жооп бербей калганы турат.

Бишкек-Ош автожолундагы алтернативдик тоннель долбоор боюнча азыркы тоннельден 1000 м ылдый жайгашып, узундугу 11,5 км түзѳт.

Бул долбоор республикага коопсуздук жагынан дагы, экономикалык жагынан дагы зарыл долбоор деп эсептейбиз.