mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алмалуу айылынын Кайкашкайык кѳчѳсүндѳ 1,3 чакырым жолго асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жатат

Ысык –Ата районуна караштуу Алмалуу айылынын Кайкашкайык кѳчѳсүндѳ 1,3 чакырым жолго асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жатат. Быйылкы жылы Ысык –Ата району боюнча 4,3 чакырым асфальт тѳшѳѳ пландаштырылган. Жол чарба департаментинин №43 – Жол тейлѳѳ башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан жолдор ушул айдын аягына чейин куруу иштери бүтѳт.